Blog Image

МШПУнун Психология жана комплекстүү реабилитация институтунун доценти Н.Тюрина "Искусство инклюзиянын куралы катары" темасында конок-лекция окуду

И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунда студенттер үчүн "Искусство инклюзиянын куралы катары" темасында конок-лекция өттү. Педагогика илимдеринин кандидаты, Москва шаардык педагогикалык университетинин (МШПУ) Психология жана комплекстүү реабилитация институтунун доценти Надия Тюрина студенттерге инклюзиянын ар кандай формалары, тармактагы жаңы багыттар жана тенденциялар тууралуу айтып берди. Студенттер толук маалымат жана алардын көптөгөн суроолоруна жооп алышты. Конок-лекция ИППнын Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасы тарабынан уюштурулган.