МТМИде “Эне тил жана жасалма интеллект: учурдун талабы” аталышындагы семинар өттү
Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунда “Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары” кафедрасы тарабынан “Эне тил жана жасалма интеллект: учурдун талабы” аталышындагы семинар уюштурулду. Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы катышты.
Семинардын жүрүшүндө, “Санарип мугалим” долбоорунун негиздөөчүсү А.Мадалиев “Эне тил жана жасалма интеллект: учурдун талабы” деген темада презентация жасап, көпчүлүктун көңүлүн бурду. Филология илимдеринин доктору, профессор Т. Сыдыкова терминологиянын негизги багыттары жана принциптери боюнча презентация-баяндама жасады.