Blog Image

МТМИде “Эне тилин билүү башкы маданият” аталышындагы семинар өттү

Бүгүн И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тилин билүү башкы маданият” аттуу мастер-класс өттү. Иш-чарада кыргыз тилинин азыркы учурдагы абалы, мамлекеттик тил мыйзамындагы өзгөрүүлөр жана жазуу эрежелеринин сакталышы, ошондой эле, кыргызча сүйлөөдө кетирилген каталар тууралуу “Тилимпоз” социалдык долбоорунун негиздөөчүсү Тилек Нурдинов маалымат берди.

Ошондой эле, мастер-класста “Оймолор” долбоорунун негиздөөчүсү, Өзгөрүш Абакиров кыргыз тилинде үн коштоо, дикция, туура сүйлөө жана ыр окуунун заманбап ыкмалары жөнүндө сөз сүйлөп, тажрыйбасы менен бөлүштү.

“Эне тилин билүү башкы маданият” аттуу семинардын жүрүшүндө, кыргыз тилин өнүктүрүүдө жана жайылтууда аткарылып жаткан иштер, мамлекеттик тил мыйзамындагы өзгөрүүлөр жана коомдогу кеп маданиятын жогорулатуу маселелери каралды. Мастер-класстын негизги максаты – эне тилин билүү, анын коомдогу орду, күнүмдүк жашоодо кетирилип жаткан каталар, кыргыз тилин өнүктүрүүдө жаштардын салымы жана мамлекеттин колдоосу жөнүндө кеп кылуу болуп саналат. Ошондой эле, кыргыз тили тууралуу ар түрдүү жаңы инфографикалык маалыматтар, жетишкендиктер жана фактылар, видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында, иш-чаранын катышуучулары маданияттуулуктун негизги белгиси – эне тилин билүү, тилди өнүктүү үчүн коомдук иштер менен алектенүү жана орфографиялык эрежелер гана эмес, орфоэпиялык эрежелер дагы маанилүү экендигин, ошондой эле, дикцияны, көркөм окууну жолго коюну өздөштүрө алышты.