МТМИде “Мамлекеттик тилдин актуалдуу маселелери” аталышында илимий-методикалык семинар өттү
15-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун МТМИнин Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы “Мамлекеттик тилдин актуалдуу маселелери” аталышында илимий-методикалык семинар өткөрдү. Иш-чарага МТМИнин директору Самат Жумалиев жана педагогика илимдеринин кандидаты Райхан Абдуллаева катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Кыялбек Акматов “Окутуунун заманбап технологиялары” аталышында конок-лекция өттү. Семинар ийгиликтүү өтүп, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.