Blog Image

МТМИде «Поэзия которуудагы кѳйгѳйлѳр” аталышындагы семинар өттү 

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата «Поэзия которуудагы кѳйгѳйлѳр аталышындагы семинар-тренинг өттү. Иш-чара С.Эралиевдин «Ак Мѳѳр» поэмасынын негизинде, Кыргыз тили жана адабияты, кошумча англис тили группалары үчүн уюштурулган. Семинарды Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин англис тили мугалими, филология илимдеринин кандидаты Алтынай Токтоматова өттү.
“Поэзия которуудагы кѳйгѳйлѳр” аттуу семинар-тренингде түпнускадагы лингвистикалык жана экстралингвистикалык деӊгээлдерде кездешүүчү кыйынчылыктарды которуу жолдору каралды. Тренигдин негизги максаты – эквиваленттүү котормого жетишүүдѳ тилдин фонетикалык, лексика-семантикалык, синтаксистик жана стилистикалык деӊгээлдерде колдонулган котормо техникалары, ошондой эле, котормочулук трансформациялар С. Эралиевдин «Ак Мѳѳр» лирикалык поэмасынын мисалында кѳрсѳтүлдү. Андан сырткары, жеткиликтүү деӊгээлде которууда прагматикалык ыӊгайлаштыруунун маанилүүлүгүнѳ басым жасалды. Тактап айтканда, катышуучулар кѳркѳм котормодо адекваттуулукка жетишүүдѳ, айрыкча, поэзия которуу ѳзгѳчѳлүктѳрүн, кѳркѳм образдуулук маселелер жана котормого чейинки талдоо тепкичтерин ѳздѳштүрүүгѳ жетише алышты.