МТМИнин директору С. Жумалиев М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетине иш сапар менен барды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев Уфа шаарындагы М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетине эл аралык кызматташуунун алкагында иш сапар менен барды.
Иш сапардын алкагында М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин Окуу-методикалык иштер боюнча проректору Ксения Габдрахманова менен расмий жолугушту. Жолугунуунун жүрүшүндө тажрыйба алмашуу, студенттердин мобилдүүлүк программасын өнүктүрүү, магистратура программасы боюнча кош диплом программасын жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Иш сапардын алкагында Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев "Тил тектештигин аныктоонун теориялык жана практикалык маселелери, нейролингвистика: мээ жана сөз'", "Тилди окутууда AR,VR технологияларды колдонуу", " Фразеологизмдердин табияты" аталышында конок-лекция өттү.
Ошондой эле, академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун “Кыргыз тили жана адабияты, кошумча англис тили” профилинин 2-курсунун студенттери У.Майрамкулов жана Т.Аликбеков М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетине бир айлык мөөнөт менен окууга барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин өкүлдөрдү окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жана З.Валиди атындагы Улуттук китепканасы менен таанышып, профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.
Бул иш сапар эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, эл аралык билим алмашууга жана жаңы билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга чоң өбөлгө түздү.