Филология илимдеринин кандидаты Н. Касымбекова К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун студенттерине конок-лекция өттү
25-октябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин МТМИнин кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын башчысы Нурида Касымбекова К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттерине “Аталар институту биологиялык программа катары” аталышында конок-лекция өттү.
Конок-лекциянын жүрүшүндө жети ата түшүнүгүнүн келип чыгуу тарыхы, руханий, коомдук жана биологиялык мааниси жана илимдин ар кыл тармактарында (тил илими, тарых, философия, социология, география, медицина) далилденген илимий факторлор тууралуу маалыматтар берилди.