Н. Касымбекова Ысык-Көлдө өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты
25-октябрь күнү И. Арабаев атындагы КМУнун МТМИнин кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын башчысы Нурида Касымбекова К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөн профессор Жолдош Жусаевдын 90 жылдык мааракесине арналган «Тыныстанов окуулары – 3: Санариптештирүү доорундагы лингводидактикалык изилдөөлөр» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Конференциянын алкагында Нурида Касымбекова «Дисграфия – заманбап коом көйгөйү» аталышындагы баяндама жасап, дисграфия маселесинин актуалдуулугун баса белгиледи.
Иш-чарага Греция, Россия, Америка Кошмо Штаттары жана Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынан өкүлдөр катышты. Конференциянын жүрүшүндө санариптештирүү доорундагы билим берүү жана илимий изилдөөлөрдүн өнүгүүсү тууралуу маселелер талкууланды.