Blog Image

Назарбаев Университетинин профессору Д.Шаматовдун конок лекциясы

6-октябрда И.Арабаев атындагы КМУда Назарбаев Университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов “Изилдөө методдору” деген темада конок лекциясын өткөрдү. Ага окуу жайдын ректору, профессор Айгүл Абдраева, профессордук-окутуучулар курамы, магистратура, аспирантура, PhD докторанттары катышууда.
Дүйшөн Шаматов философия илимдеринин доктору, Билим берүү лидерлиги боюнча лидерлик жана изилдөө ыкмалары боюнча курстарды окутат.
Доктор Д.Шаматов КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн отличниги” жана Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Алтынсарин” медалдары менен сыйланган. Талас жана Ош мамлекеттик университеттеринин ардактуу профессору.