Назарбаев Университетинин профессору Дүйшөн Шаматовго КМУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды
17-май күнү И.Арабаев атындагы КМУда “Борбордук Азияда инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүү: изилдөө жана практика. Борбордук Азиядагы билим берүү лидерлигинин ролун изилдөө” аталышында семинар өттү.
Иш-чаранын алкагында КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу Назарбаев Университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун биздин университетте бир канча жолу кызыктуу жана актуалдуу маселелер боюнча конок-лекцияларды өтүп жана илимий ишмердүүлүгүн баалап И.Арабаев атындагы КМУнун “Ардактуу профессору” наамын ыйгарып диплом тапшырды.