Blog Image

Орус филологиясы факультетинин окутуучусу Н.Календерова «Орус тилин жана адабиятын окутуунун теориялары жана методикасы» аталышында ачык сабак өттү

Бүгүн, 25-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Орус филологиясы факультетинин Орус тили жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучусу Назгүл Календерова №11 орто мектебинин 9 “А” классынын окуучуларына «Орус тилин жана адабиятын окутуунун теориялары жана методикасы». аталышында ачык сабак өттү.

Ачык сабактын жүрүшүндө окуучуларга орус тилин үйрөнүүнүн методикалык ыкмалары жана жөндөмө формаларын колдонуу боюнча кеңири маалымат берилди. Окуучулар сабакта алган билимдерин практикада колдонуп, орус тилин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.