Blog Image

Нооруз майрамына карата улуттук оюндар боюнча мелдеш өттү

И. Арабаев атындагы КМУда Нооруз майрамына карата улуттук оюндар боюнча курамдар аралык мелдеш өттү. Аны окуу жайдын Дене тарбия факультети уюштурган. Анда катышуучулар тогуз-коргоол, аркан тартыш, ордо, кол күрөш боюнча таймашты. Бул таймашта мырзалар гана эмес, кыздар арасында дагы командалар түзүлүп, өз ара жарышышты. Жеңишке жетишкендер акчалай сыйлыктарды алышты.