Blog Image

Нунчак менен теннис шарларын уруп рекордго жеткен Нурмухаммед менен жолугушуу

2022-12-09

Нунчак менен теннис шарларын уруп рекордго жеткен 12 жаштагы Нурмухаммед Ташмаматов 8-декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине конок катары чакырылып, окутуучулар жана студенттер менен жолугушту.

Жолугушууга Нурмухаммед менен бирге келген атасы Асылбек Урмонов жана продюсери Алтынбек Обонбаев жеткинчектин таланты, дүйнөлүк деңгээлде жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, студенттер да кызыккан суроолорун сурап, Нурмухаммед менен жакындан таанышып, маектешишти.

Жолугушуунун соңунда ректор Айгүл Абдраева Нурмухаммедде атайын белектерди тапшырып, өнөрлүү жаштарды ар тараптуу колдоо керек экендигин белгилөө менен ага ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, Нурмухаммед Ташмаматов 6 жашында Максим Галкиндин “Лучше всех” шоусунда белгилүү актёр Брюс Линин өзгөчө кыймылдарын кайталап, көрүүчүлөрдү таң калтырган.

2021-жылы Орусиянын Биринчи каналындагы "Я почти знаменит" көрсөтүүсүнө катышып, бир мүнөттүн ичинде 49 топту нунчак менен уруп, рекорд койгон. Кийин 63 топту уруп, рекордун жаңылаган.

Учурда Гиннес рекорддор китебине кирүүнүн үстүндө эмгектенип жатат.