Окутуучулардын жана студенттердин билимин, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында семинар, тренинг, ачык лекциялар өтүлүүдө
2022-10-31
И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде окутуучулардын жана студенттердин билимин, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында ар кандай семинар, тренинг, ачык лекциялар өтүлүп жатат.
14-октябрда философия илимдеринин кандидаты, Аймак жана маданият таануу кафедрасынын доцентинин м.а. М.М.Высоцкая “Конфликттин себептери, өнүгүүсү жана аны чечүүнүн жолдору” деген темада Эл аралык мамилелер адистигинин студенттерине семинар өткөрдү.
21-октябрда М.М.Высоцкая факультеттин окутуучулар жамаатына “Коллективдеги позитивдүү мамилелерди калыптандыруунун психологиялык-педагогикалык жолдору” деген темада семинар-тренинг өткөрдү. Аталган иш-чара окутуучулардын студенттер жана кесиптештери менен болгон мамилесин жакшыртууга, мугалимдик тажрыйбасын жогорулатууга багытталган.
Мындай семинарлар факультетте аптанын жума күндөрү салттуу түрдө өткөрүлүп жатат. Иш чаралар Аймак жана маданият таануу кафедрасынын демилгеси менен уюштурулууда.