Blog Image

Окуу иштери боюнча проректор Талантбек Курманбек уулунун К.Тыныстанов атындагы ЫМУга болгон иш сапары

10-майда И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, Японтаануу институтунун Камкордук кеңешинин төрагасы Ёцухаши Мичинори жана Японтаануу институтунун ыктыярчысы Накамура Юия К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине иш сапары менен барышты.

Белгилей кетсек, апрель айында И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ага ылайык, бүгүн ЫМУнун базасында И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун филиалын түзүү боюнча келишимге КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу менен ЫМУнун ректору Аскар Иманбаевдер кол коюшту.

Жолугушууда эки тараптуу билим берүү, кадрларды даярдоодо тараптардын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери талкууланды. Жана Япониянын белгилүү компанияларында, окуу жайларында стажировка өтүүгө, окутууга жана ишке орноштурууга багытталган жаңы багыттарды жана адистиктерди киргизүү каралууда.

ЖОЖдордун ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын өнүктүрүү жагынан академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу маселелери да бар. Келишимдин маанилүү жана кызыктуу пункту кызматташуунун багыттары менен формаларынын тизмесин кеңейтүүнү жана толуктоону караган пункт болуп саналат.

Ошондой эле К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде кыргыз-япон билим берүү борборун ачууга кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу бул багытта бөлүнгөн дарскана жана тиешелүү жабдыктар менен таанышып келди.