Окуу жайдын №1 жатаканасында студенттер үчүн машыгуу залы ачылды
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин номер №1 жатаканасында студенттер үчүн машыгуу залы ачылды. Иш-чарага окуу жайдын чарба иштери боюнча проректору Бакбур Исаев катышып, студенттерди ден соолукту чыңдап, спорт менен машыгууга чакырды. Аталган зал машыгууга керектелүүчү тренажерлор менен жабдылган.