Blog Image

Окуу жайдын студенттери Кувейт Азия Кубогунда алтын жана күмүш медаль жеңип алышты

Үстүбүздөгү жылдын 28-29-апрелинде Кувейт шаарында өткөн Кувейт Азия Кубогундагы дзюдо боюнча турнирде  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун 3-4-курсунун студенттери, Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөлөрү Анарбек Ишенбаев 90 кг салмакта алтын  медаль алса, Эрбол Абазбеков 66 кг салмакка чейинки категорияда 2-орунга ээ болуп күмүш медаль жеңип алды.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Анарбек Ишенбаев менен Эрбол Абазбековду жана анын ата-энелерин, башкы машыктыруучулары Абдужалил Юнусовду, Сергей Кладновду, жеке машыктыруучусу Эркин Ибрагимовду, Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча Улуттук Курама командасын, бардык күйөрмандарды бул зор жеңиш менен куттуктайт.
Белгилей кетсек, Азия кубогуна 27 өлкөдөн 150дөн ашык дзюдо чеберлери катышты.