Blog Image

Ондокуз Майыс университетинин профессору Хайреттин Өзтүркка КМУнун "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Бүгүн, 11-сентябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн жолугушуунун алкагында, Ондокуз Майыс университетинин профессору Хайреттин Өзтүркка КМУнун "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды.

Жолугушууда Хайреттин Өзтүрк сөз сүйлөп, эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Иш-чаранын маданий бөлүгүндө Теология факультетинин студенттери түрк тилинде ыр окушту.

Бул иш-чара университеттин Түркия менен билим берүү жана маданий байланыштарын бекемдөө багытындагы маанилүү кадамдардын бири.