Онлайн университетинин негиздөөчүсү Элира Турдубаева IT тармагында мугалимдердин иш тажрыйбасын жогорулатуу боюнча тренинг өттү
Бүгүн, 1-февраль күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамына Онлайн университетинин негиздөөчүсү Элира Турдубаева IT тармагында мугалимдердин иш тажрыйбасын жогорулатуу боюнча тренинг өттү. Анда, ал чет тилдерин үйрөтүүнүн жаңы методдору жана ар кандай программалардын жардамы менен сабакты кызыктуу өтүүнүн жолдорун үйрөттү.