Blog Image

Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн ПИ-1-23 тайпасы К.Баялинов атындагы улуттук китепканага экскурсияга барып келишти

13-ноябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн ПИ-1-23 тайпасы тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ниязбеков.Т.К.,  окутуучу Аксаамай Рахматтыллай кызы менен бирге  Касымалы Баялинов атындагы китепканага экскурсияга барышты. Анда илим күнүнө карата кыргыз жазуучусу Касымалы Баялиновдун өмүрү, чыгармачылыгы менен кеңири таанышып келишти.