Blog Image

Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттери Улуттук тарых музейге барып келишти

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Жалпы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барып келишти. Анда студенттерге музей жөнүндө кеңири маалымат берилди. Аталган бөлүмдүн студенттери куратору Баян Токтомуш уулу менен Тарбия иштери боюнча координатор Талгарбек Ниязбеков жана Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Сейитказиеванын коштоосунда барышты.