Blog Image

Орус филологиясы факультетинин 3-курсунун студенттеринин профессионалдык-базалык практикасы башталды

Бүгүн, 25-январда, И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекетик тил жана маданият институтунун Орус филологиясы факультетинин 3-курсунун студенттеринин Бишкек шаарындагы А.Сыдыков атындагы №72 орто мектебинде профессионалдык-базалык педагогикалык практикасы башталды. Практика өтүү боюнча таанышуу сабагына Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева, факультеттин практика жетекчиси Токтожан Алыбаева, А.Сыдыков атындагы №72 орто мектебинин методисти Гульнура Осмонова, мугалимдери Гүлзат Абдрасулова, Анурат Сооронова катышты. 
И.Арабаев атындагы КМУнун практика жетекчиси Нурпаис Баястанов практиканттарга ийгиликтерди каалап, университеттин учурдагы санариптештирүү программасы боюнча QR-код менен катталып туруу зарылдыгын эскертти.