Blog Image

Орус филологиясы факультетинин адабиятты окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Гүлмира Тагаева лекция окуду

21-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун орус филологиясы факультетинин адабиятты окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасы Бишкек шаарындагы № 72 мектеп-гимназиясында жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрдү. Иш чаранын алкагында, Орус филологиясы факультетинин адабиятты окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Гүлмира Тагаева Бишкек шаарындагы №72 мектеп-гимназиясынын жамаатына “PISA тесттеринин концепциясы, изилдөө максаттары жана өзгөчөлүктөрү” деген темада лекция окуду.