Blog Image

Орус филологиясы факультетинин деканы Н. Сегизбаева А.С.Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институтуна барды

И. Арабаев атындагы КМУнун Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева А.С.Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институтуна академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында барды. 
Н. Сегизбаева А.С.Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институтунун ректору Наталья Трухановская, окуу-тарбия иштери боюнча департаментинин директору Ирина Замилова жана Филология факультетинин деканы Анастасия Соломоновалар менен жолугушту. 
Жолугушууда төмөнкү маселелер каралды: квалификацияны жогорулатуунун максаты: кесиптик чеберчиликти жана маданиятты өнүктүрүү, квалификациянын деңгээлине карата заманбап талаптарга ылайык теориялык жана практикалык билимдерди жаңылоо, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын өзгөртүү, инновациялык чечүү ыкмаларын өздөштүрүү зарылчылыгы жана тажрыйба алмашуу.