Blog Image

Орус филологиясы факультетинин доценттери семинарларды өттү 

11, 12-январь күндөрү Орус филологиясы факультетинин доценттери Г.С.Тагаева, Н.К. Сегизбаева жана Т.Т. Шамурзаевалар семинарларды өттү.
Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Г.С. Тагаева «Орус тилин жана адабиятын окутуунун заманбап технологиялары жана методдору» деген темада; педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Н.К. Сегизбаева «Мектепте жана университетте адабиятты изилдөөдөгү диалогдук технологиялар»; педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Т.Т. Шамурзаева «Окутуунун коммуникативдик ыкмасын колдонуу менен угууну сүйлөө ишмердүүлүгүнүн бир түрү катары окутуу» темалар боюнча семинар өттү. Ага «Орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы» жана «Орус тилинин практикалык курсу» кафедраларынын окутуучулары катышты. Семинарда орус тилин жана адабиятын окутуунун заманбап технологиялары жана усулдары талкууланды.