Blog Image

Орус филологиясы факультетинин окутуучулары И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинде конок-лекция окушту

15-18-январь күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун орус филологиясы факультетинин деканы Н.К.Сегизбаева жана орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Г.С.Тагаева И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинде конок-лекция окушту. 
Алар иш сапардын жүрүшүндө И.Кант атындагы БФУнун жаштар саясаты жана эл аралык тарбия иштери боюнча проректору О.М. Ким жана башка курам жетекчилери менен жолугушту. Анда, академиялык мобилдүүлүк жана өз ара кызматташуунун жол картасын иштеп чыгуу боюнча бир катар милдеттер талкууланды. Ошондой эле, БФУнун окуу корпустарын кыдырып, эл аралык кеңсенин макети менен таанышышты. 
Учурда, И.Кант атындагы БФУда академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Орус филологиясы факультетинин студенттери К.Султанова жана А.Төлөбаевалар билим алууда.