Blog Image

Орус филологиясы факультетининде кесиптик практика боюнча жыйынтыктоочу конференция болуп өттү

8-декабрда И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун орус филологиясы факультетинин орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасында кесиптик практика боюнча жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. ФОБ-120, РЛК-120 группаларынын 4-курсунун студенттери ар бир мектеп боюнча презентация, видеороликтер түрүндө аткарылган иштер боюнча отчет берип, орус тили жана адабияты сабактарында эффективдүү болгон интерактивдүү усулдар менен бөлүшүштү.
Жыйынтыктоочу конференцияга орус филологиясы факультетинин деканы, доцент Н.К.Сегизбаева, орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Н.К.Абдыгазиева, КМУнун практика бөлүмүнүн башчысы Н.М.Баястанов, методист Н.К.Календерова, Бишкек шаарындагы А.С.Сыдыков атындагы №72 гимназия мектебинин жана №91 гимназия мектебинин мугалимдери катышты.
Жыйындын соңунда декан Назгүл Сегизбаева окуу жайдын мугалимдерине жана методисттерине ыраазычылык билдирип, ыраазычылык каттарын тапшырды.