Blog Image

Орус тили жана адабияты кафедрасынын бюджеттик тобунун студенттери стажировка өтүүгө бөлүштүрүлдү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык билимдер факультетинин Орус тили жана адабияты кафедрасынын 4-курсунун бюджеттик бөлүмүнүн студенттерин мамлекеттик милдеттүү стажировка өтүүгө бөлүштүрүү иштери жургүзүлдү. Ага окуу жайдын бюджеттик тобунун студенттерин бөлүштүрүү боюнча адиси Асыл Каргалдаева, Орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы Гулжигит Соронкулов жана аталган кафедранын куратору Токтожан Алыбаевалар катышты.

Анда студенттер Бишкек шаарынын стажировка өтүүгө тандалган кыргыз жана орус тилдүү орто мектептеринин 5-11-класстарына орус тили жана адабияты предметинен 3-жыл толугу менен сабак беришет.