Blog Image

Орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана практикасы кафедрасынын ага окутуучусу Токтожан Алыбаева ачык сабак өттү

Бүгүн №72 гимназия мектебинде И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун  орус филологиясы факультетинин орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана практикасы кафедрасынын ага окутуучусу Токтожан Алыбаева “Жөнөкөй жана курама сандар”деген тамада ачык сабак өттү. Тажрыйба алмашуу максатында, жыл сайын студенттер Бишкек шаарындагы мектептерде кесиптик жана базалык практикадан өтүшөт. Мындай тажрыйба алмашуу студенттерге окутуунун ыкмаларын тереңирээк түшүнүүгө жана тандап алган кесибинде өзүн табууга жардам берет. Сабакта интерактивдүү ыкмалар, көңүл ачуучу көнүгүүлөр, оюндар, топтук тапшырмалар колдонулган. Окуучулар жигердүү иштеп, тапшырмаларды аткарышты.