Peaksoft House окуу мектебинин адистери Журналистика бөлүмүнүн окутуучуларына тренинг өттү
18, 19-январь күндөрү И.Арабаев атындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн окутуучуларына Бишкектеги Peaksoft House окуу мектебинин адистери “Салттуу окуу процессинде IT технологияларды жана жасалма интеллектти кантип колдонуу керек” аталышында тренинг өттү.
Тренингди Peaksoft House окуу мектебинин директору, инженер-программист Бакир кызы Динара,
Java иштеп чыгуучу, Peaksoft House окутуучусу Мухамед Тойчубай уулу жана
Javascript иштеп чыгуучу, Peaksoft House окутуучусу Азамат Абдигапыр уулу өткөрүштү.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.