Blog Image

Педагогика  факультетинин 1-2-курсунун студенттери ар жуманын бешинчи күндөрү практикага чыгууда

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика  факультетинин ПБк-15-21, ПБк-13-21 группаларынын студенттери 2022-жылдын 15-сентябрынан тарта, ар жуманын бешинчи күндөрү Бишкектеги А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык №5 мектеп-лицейинде практикаларын өтүп келишет. 
11-апрель күнү факультеттин практика жетекчиси, ага окутуучу Минера Каласалиева аталган мектепке барып, студенттер менен жолугуп, күндөлүктү толтуруу боюнча көрсөтмөлөрүн берип, методикалык жардам берди. Ошону менен бирге, студенттердин практикага катышуулары көзөмөлгө алынды.