Blog Image

Педагогика факультетинин  4 окутуучусу доцент илимий наамын алышты

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен Педагогика факультетинин окутуучулары, педагогика илимдеринин кандидаттары Гүлмира Касымалиева, Эльмира Сейталиева, Назгүл Абдраева жана Магира Узаковалар доцент илимий наамын алышты. Аларга доценттик аттестатты университеттин ректору Айгүл Абдраева тапшырып, ийгиликтерди каалады.