Blog Image

Педагогика факультетинин окутуучулары менчик бала бакча ачууну көздөгөн жарандарга тренинг өтүштү

Үстүбүздөгү жылдын 15-майында И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика факультетинин координатору, п.и.к. Назгүл  Сегизбаева, Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева баштаган кафедранын окутуучулар курамы жеке ишкер болуп, менчик бала бакча ачууну көздөгөн жарандарга Бишкек шаарындагы бир катар орто мектептерде 8 сааттык модулду камтыган семинар-тренинг өтүштү. 
Тренингдин максаты  “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорун ишке ашырууну көздөйт.