Blog Image

Педагогика факультетинин окутуучулары окумуштуу Келдибай Алымкуловдун 80-жылдыгына арналган эл аралык илимий конференцияга катышууда

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиясы кафедрасынын доценттери Гүлмира Касымалиева жана Эльмира Сейталиевалар Ош Мамлекеттик университетинде уюштурулган “Математика жана билим берүүнүн актуалдуу маселелери” аттуу профессор, физика-математика илимдеринин доктору Келдибай Алымкуловдун 80-жылдыгына арналган эл аралык илимий конференцияга катышууда.

Конференцияга Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Орусия, Казакстан, Өзбекстан өлкөнүн бардык аймагынан барган белгилүү окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын ректорлору чакырылган. Алар пленардук отурумда илимий баяндамаларын жасашты.

Күндүн экинчи бөлүгүндөгү секциялык иштерде геометрия, топология, дифференциалдык теңдемелер, математикалык физиканын теңдемелери, операторлор теориясы, спектралдык теория, математикалык жана компьютердик моделдөө, математиканы жана информатиканы окутуунун усулдары багыттарында баяндамалар жасалды. Конференциянын “Математиканы жана информатиканы окутуунун методикасы” аталышындагы секциясында доцент Гульмира Касымалиева модератор болду. Ал эми доцент Эльмира Сейталиева “Кыргызстандын шартында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга математиканы окутууда маалыматтык технологияларды колдонуу” деген темада доклад окуду.