Blog Image

Педагогика факультетинин окутуучулары профориентациялык ишин Баткен облусунда улантууда

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Жапарова Замира Бердибековна Баткен шаарында профориентациялык иш өткөрүүдө. Баткен шаарынын А. Имаров атындагы Кызыл Топу орто мектебинин, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жана Кызыл-Бел айылынын А.Масалиев атындагы орто мектептеринин 9-11-класстарынын окуучулары менен жолугуп, университет тууралуу кеңири маалымат берди.