Blog Image

Педагогика факультетинин студенттери мамлекеттик педагогикалык практикасын өтүшүүдө

И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика факультетинин 4-курсунун студенттери Бишкектин Арча-Бешик конушундагы № 93 орто мектебинде мамлекеттик педагогикалык практикасын өтүшүүдө. 10-апрель күнү студентка Асыл Кыдырова 1-класстарга "Тыбыш жана тамга" деген тема боюнча сабак өттү. Окутуучу Махабат Узакматова анын насаатчысы болду. Сабактан кийин педагогика илимдеринин доктору, профессор Венера Мусаева талдоо жүргүзүп, методикалык багытта сунуш-пикирлерин айтып, окуу жайдын эң мыкты практикант студенттерин мектептер өздөрү демилге көтөрүп, мугалимдик кызматка чакырып, жумушка орноштуруп келерин белгиледи. 
Ошондой эле, профессор В.И. Мусаева “Көчмө бала бакча” пилоттук долбоорунун алкагында № 79 орто мектебинде ачылган балдар бакчасына барып, 4-курстун практиканттарынын өтүп жаткан сабагына катышты.