Blog Image

Педагогика факультетинин студенттери мамлекеттик практикаларын улантууда

17-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин профессору, п.и.д. В.И.Мусаева Арча-Бешик конушундагы № 93 орто мектебинде мамлекеттик педагогикалык практикаларын өтүп жаткан 4-курстун студенттеринин сабактарына катышып келди. Ал ар бир сабактын тиешелүү методикалык деңгээлде өтүлүшүнө байкоо жүргүзүп, окутуунун азыркы заманбап инновациялык ыкмаларын туура пайдалануу жөнүндө методикалык сунуштарын билдирди. Жана практикасын жогорку деңгээлде өтөгөн студенттерге мектептер тарабынан жумуш орду сунушталаарын баса белгиледи.