Blog Image

Педагогика илимдеринин кандидаты З. Джапарова Москвада өтүп жаткан форумга катышууда

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Джапарова Москва шаарында өтүп жаткан “Евразиялык өзгөрүү”аталышындагы педагогикалык форумга катышууда.

Иш-чара А.И.Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулуп, катышуучуларга теориялык билимдерди тереңдетүү, атайын жана инклюзивдик билим берүү системасы тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле, атайын муктаждыктары бар балдар, девианттык жана делинквенттик жүрүм-турумдагы окуучулар менен иштөө маселерин чечүү жолдору талкууланды.

Позвонить