Blog Image

Педагогика жана психология институтунун 3-курсунун студенттери “Балдарды эрте өнүктүрүү борборуна” практикага барышты

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында мектепке чейинки курактагы балдар үчүн “Балдарды эрте өнүктүрүү борбору” уюштурулууда. Бул борбор ыңгайлуу шартта уюштурулуп, анын үлгүсүн республика боюнча жайылтуу пландаштырылууда.

Ушуга байланыштуу, И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун 3-курсунун студенттерин Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Э.Б.Тентиева “Балдарды эрте өнүктүрүү борборуна” практикага алып барды.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Н.А.Касымова студенттерге борбор тууралуу, практиканын графиги менен тааныштырды.