Blog Image

Педагогика жана психология институтунун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жолугушуу кечеси өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунда Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын “Бизди бүткөн мыктылар” аталышында тегерек стол өттү. Иш-чарага университеттин окуу башкармалыгынын башчысы, доцент Равшан Зайниев катышты. 

Жолугушууга 1992-жылдан бери Педагогика жана психология институтун аяктаган, мыкты жетишкендиктерге ээ болгон бүтүрүүчүлөр катышты. Алар учурда  Улуттук тестирлөө борборунда, билим берүү уюмдарынын директорлору, методисттер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, коомдук фонддордун директорлору, "Жылдын мыкты мугалимдери" наамынын ээлери, райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлери, логопед, сурдопедагог, олигофренопедагог болуп ийгиликтүү эмгектенишет. 
Тегерек столду Педагогика жана психология институтунун директору, доцент Гүлзат Казиева ачып, ППИнин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын университеттин ишмердүүлүгүндөгү ролун белгилеп, коомдо белгилүү орду бар, алгылыктуу жетишкендиктерге жеткен бүтүрүүчүлөр менен университет сыймыктанаарын белгилеп кетти. Жолугушууда профессор Шаршенбек Алиев Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө жакшы тилектерин айтып, өзү эмгектенген учурдагы тажрыйбасы тууралуу ой бөлүштү. 

Ошондой эле, Педагогика жана психология институтунун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы, педагогика илимдеринин кандидаты Замира Жапарова Ассоциациянын артыкчылыктуу багыттары, иш пландын аткарылышы жана университеттин 80 жылдыгына даярдык тууралуу сөз сүйлөдү. 

Катышуучулар институт даярдаган профилдер боюнча жалпы билим берүү программаларынын мазмуну, педагогдорду даярдоодогу жаңы багыттар боюнча өз ойлорун бөлүшүштү. Жыйынтыгында институттун кафедра башчылары Магира Узакова, Назгүл Абдраева жолугушуунун катышуучуларына каалоо-тилектерин айтып, ыраазычылык билдиришти.