Blog Image

Педагогика жана психология институтунун окутуучулары Корея Республикасына Атайын жана инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатууга барды

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун окутуучулары Корея Республикасына Атайын жана инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатууга барды. Бул стажировка Конжу улуттук университети жана И. Арабаев атындагы КМУ ортосунда бекитилген меморандумдун алкагында ишке ашырылып жатат. Кыргызстандан И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Джапарова, аталган кафедранын окутуучусу Мырзагүл Бегимкулова жана Азиз жана начар көрүүчү балдар үчүн атайын мектеп-интернатынын, Дүлөй балдар үчүн атайын мектеп-интернатынын, №34 атайын көмөкчү мектебинин мугалимдери катышты.

Кыргызстандан барган максаттуу топ Конжу улуттук университетинде, Корея улуттук атайын билим берүү борборунда, атайын жана инклюзивдик мектептерде, бакчаларда болушту. Ошондой эле, Замира Джапарова Конжу улуттук университетинин ректору Кёнгхо Лим, Чхунчхон-Пукто провинциясынын шаардык башкармалыгынын башчысы Чон Бом Сан менен жолугушуп, кызматташуу боюнча сүйлөшүштү.

Делегация Сеул шаарындагы Азиз балдар үчүн мектебин, Угуусу бузулган балдар үчүн мектепке барып тажрыйба алмашышты. Корея Республикасына баруу мүмкүнчүлүгү июль айында Бишкек шаарында өткөн тренингдин жыйынтыгы боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырган окутуучуларга берилген.