Blog Image

Педагогика жана психология институтунун студенттери Ата- Бейит мемориалдык комплексине барып келишти

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун окутуучулары Мырзадаирова Д.Ш., Узакова М., Атантаева Ж. Башталгыч билим берүү бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесин утурлай, Ата- Бейит мемориалдык комплексине барып, Ч. Айтматовго, 1937-1938-жылдары репрессиянын курмандыктары болгондорго багыштап куран окутуп, эскерип келишти. Студенттер жаӊы маалыматтарды өтө кызыгуу менен угушуп, өз ойлору менен бөлүшүштү.