Blog Image

Педагогикалык билим берүү маселелерин талкуулоо үчүн эксперттердин жолугушуусу

2022-10-14
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жыйындар залында 13-октябрда «Секторду өнүктүрүү: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорун ишке ашыруунун алкагында мугалимдердин билимин жогорулатуу маселелерин талкуулаган эксперттик жыйын болуп өттү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасында педагогикалык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү системасын реформалоонун жана мугалимдерди даярдоонун сапатын жогорулатуунун негизги багыттары талкууланып, аныкталды.

Долбоордун максаты – предметтик билимге жана компетенцияга ээ бүтүрүүчүлөрдү андан ары өмүр бою билим алууга жана ишке орношууга даярдоо үчүн мектеп системасынын ишин жакшыртуу. Сунушталган долбоор илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө көңүл буруу менен бардык предметтерди окутууну жакшыртууга багытталган. Долбоордо 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууда колдоо көрсөтүү каралган.