Blog Image

ППИ “Интеллект” командасы «Көп улуттуу өлкөнүн заманбап мугалими» темасында «Брейн ринг» интеллектуалдык оюнуна катышты

26-октябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун студенттик командасы «Көп улуттуу өлкөнүн заманбап мугалими» деген темада студенттик командалардын «Брейн ринг» интеллектуалдык оюнуна катышты. Оюн XII Бүткүл россиялык “Этностор аралык ынтымак жана өз ара аракеттенүү жумалыгы” социалдык-маданий долбоорунун алкагында өттү.
Интеллектуалдык оюндун уюштуруучулары Новосибирск мамлекеттик педагогикалык университети жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.
«Интеллект» командасы оюнга даярдангандыгы үчүн Педагогика жана психология институтунун директору Г.К.Казиевага,
 Башталгыч класстарда кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы

(БККОТОТ) кафедрасынын башчысы М.А.Кукановага, команда жетекчилери п.и.к., доценттин м.а. Ж.К.Жолдошалиевага, ТОКРЯНШ кафедрасынын ага окутуучусу Г.Ш.Зайнидиновага ыраазычылык билдирет.
Команданын сапаттык курамын «Башталгыч билим берүү», «Логопедия», «Сурдопедагогика» адистиктеринин студенттери Сергей Шевченко, Жанара Туктубаева, Раяна Арзыбекова, Дарья Яницкая, Адина Бабаярова, Медина Абыталиевалар түзөт. Оюндун шартына ылайык, командалар 5 турдан өтүп, анда дайджест режиминде суроолорго жооп берип, капитандык таймашка катышып, чыгармачыл оюн тартуулашы керек. Оюндун жалпы темасы өз өлкөсүнүн маданиятын, улуттук өзгөчөлүгүн жана этникалык баалуулуктарын чагылдырууга багытталган.