ППИнин бүтүрүүчүсү Гүлзат Жумагазиева “Башталгыч класстарга математика сабагын өтүүдө көндүмдөрдү өнүктүрүү жетишкендиктери” темасында конок-лекция өттү
16-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунда Педагогика жана психология институтунун бүтүрүүчүсү, Республикалык “Жыл мугалими -2021” конкурсунун жеңүүчүсү Гүлзат Жумагазиева “Башталгыч класстарга математика сабагын өтүүдө көндүмдөрдү өнүктүрүү жетишкендиктери” темасында конок-лекция өттү. Конок-лекцияга 4-курстун студенттери катышты. Алар, математика сабагында, окутуу көндүмдөрүн өнүктүрүү балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, аналитикалык жөндөмдөрүн жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүн калыптандырууга, ошондой эле, өз алдынчалыкты өнүктүрүүгө жардам берет. Бул көндүмдөр билим алууда жана жашоодо ийгиликке жетүү үчүн маанилүү.