Blog Image

ППИнин окутуучулары “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү”аталышында квалификацияны жогорулатуу курстарын өтүп башташты

Бүгүн, 12-февраль күнү, Педагогика жана психология институтунун (ППИ) Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы доцент Назгүл Абдраева, доцент Эркина Омуралиева, ага окутуучу Эльмира Тентиева Бишкек шаарындагы «Гүлзар» Окуу борборунда “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү”аталышында квалификацияны жогорулатуу курстарын өтүп башташты. 72 сааттык курстарга Бишкек шаарындагы ар түрдүү бала бакчаларда эмгектенген тарбиячылар катышууда.