ППИнин студенттерине ыктыярчы Ли Ми Джа кызыктуу сабактарды өтүүдө
И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунда Корея Республикасынын Мок Бонг университети тарабынан Монтессори методикалык кабинети ачылган. Аталган университеттин окутуучусу Ли Ми Джа ыктыярчы иретинде ППИнин "Мектепке чейинки билим берүү" профилинин 3-4-курстарынын студенттерине сабак өтүп жатат. Студенттерге сабак учурунда интерактивдүү оюнчуктардын жардамы менен окутуунун ар түрдүү ыкмалары сунушталат. Өтүлгөн ар бир сабак студенттер үчүн чоң кызыгуу жаратууда.