Blog Image

Практика боюнча жыйынтыктоочу тегерек отурум өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде практика боюнча жыйынтыктоочу тегерек отурум өттү. Иш-чарага ректор Айгүл Абдраева, окуу иштери боюнча проректор Талантбек Курманбек уулу, курам жетекчилери жана студенттер катышты. Анда, жаңы окуу жылы, практика боюнча күндөлүктү электрондук түргө өткөрүү чечим кабыл алынып, практика өтөөнү жакшыртуу тууралуу бир катар сунуштар айтылды. Бул кадамдар, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү үчүн, практика өткөн мекемелерде жумушка орношуп калууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. 
Иш-чаранын соңунда студенттерге бул багытта методикалык жардам көрсөткөн окутуучуларга жана активдүү студенттерге университеттин атынан ыраазычылык каттар тапшырылды.