Blog Image

Профессор А.Абдраева Ю.Голуховски атындагы КИА уюштурган Эл аралык жумалыгына катышууда

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева 15-19-апрель күндөрү Польшанын Островец-Свентокшиски шаарындагы Ю.Голуховски атындагы Колдонмо илимдер академиясы уюштурган Эл аралык жумалыгына катышууда.

Аталган иш-чара Эразмус+ долбоорунун каржылоосу менен ишке ашты. КМУнун ректору аталган окуу жайдын ректору Павел Готовецкий менен эки тараптуу келишимге кол койду. Ошондой эле бул иш-чарага КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы катышты.