Blog Image

Профессор А.Р. Жоошбекова Аль-Фараби атындагы КУУде өткөн “Евразия мейкиндигиндеги этнологиянын, антропологиянын жана музеологиянын актуалдуу маселелери” эл аралык ИПКга катышты

30-март күнү Э.Ж. Маанаев атындагы ТСУББИнин Кыргызстандын тарыхы жана этнология кафедрасынын башчысы, профессор А.Р. Жоошбекова Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин тарых факультетинде өткөн “Евразия мейкиндигиндеги этнологиянын, антропологиянын жана музеологиянын актуалдуу маселелери” эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты. Анда, “Кыргызстандагы постсоветтик мезгилдеги миграция жүрүмдөрү” темасында илимий доклад окуду. Профессор А.Р.Жоошбекова докладында эгемендүүлүк мезгилиндеги Кыргызстандагы ички жана тышкы эмгек миграциясынын актуалдуу маселерине токтолду.